Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» пунктунун иштөө убактысы саат 21:00гө чейин узартылды
Казак тарап менен биргелешип иштөөнүн жыйынтыгында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Каркыра-автодорожный» өткөрүү пунктунун иштөө мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мындай чечим жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө байланыштуу жана жайкы туристтик мезгилде мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Эми өткөрүү пункту 2026-жылдын 21-июлунан 31-августуна чейин Бишкек убактысы боюнча күн сайын саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.
Маалымдама: «Каркыра-автодорожный» көп тараптуу (эл аралык) автожол өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан жана мамлекеттик чек арадан адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн арналган.
