Маматалиев нотариустардын санын азайтууга каршы: Жок дегенде Бишкектин квотасына тийбегиле
Кыргызстанда 400гө жакын жеке нотариус иш алып барат. Бирок жыл сайын текшерүүдөн кийин жок дегенде 5-6 нотариус талапка жооп бербегендиктен улам ишин токтотот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында, Юстиция министрлигинин өлкөнү эл аралык нотариалдык биримдикке киргизүү жана анын нормаларына шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорун кароо учурунда белгилүү болду.
Депутат Марлен Маматалиев нотариустардын санын азайтуу боюнча сунушка каршы болду.
«Бир жума мурда нотариуска барууга туура келди. Бишкектеги Шота Руставели жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кеңсеге бардым. Абдан эл көп. Кезегим жетпей кетүүгө туура келди, болбосо жанында дагы бир нотариус жайгашкан. Ушундай абалда силер алардын санын кыскартабыз деп жатасыңар. Бул мыйзам долбооруңар өтөбү же өтпөй калабы билбейм. Бирок Бишкектин квотасына тийише турган болсоңор, мен каршы чыгам. Мындай нерсени колдой албайм», – деди депутат.
Депутат Дастан Жумабаев мыйзам долбоорунун 18-беренесине көңүл бурду. Айтымында, анда «лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн аякташына» байланышкан норма киргизилген.
«Кандай учурда мөөнөтү аяктайт?» – деп сурады депутат.
«Лицензиялардын мөөнөтү – беш жылга берилет. Эгерде бул убакыт аралыгында нотариус эреже бузууларга барбай, так, туура иштесе, анда 5 жылдан кийин 10 жылга автоматтык түрдө узартылат. А эгерде сот тарабынан ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жараксыз деген чечим чыкса, лицензия 5 жылга жетпей токтотулат. Ошондой эле нотариус каза болсо, лицензия токтотулат», – деп түшүндүрдү юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу.
Ошондой эле, анын айтымында, текшерүү учурунда нотариустан эреже бузуу аныкталса, лицензиясы мыйзамга ылайыктуу убактылуу токтотулат, ал эми өзү окууга жиберилет. Ишмердүүлүгүн окууну аяктап, сынактан өткөн учурда гана уланта алат. А эгерде кылмыш иши козголсо, анда лицензия кайтарылып алынат.
