Депутат Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорлорун иргебей колдочу орган деп ойлоп алган чиновниктерге нааразы болду
Депутат Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорлорун иргебей колдочу орган деп ойлоп алган чиновниктерге нааразы болду.
«Жогорку Кеңешти кандай мыйзам долбоору болбосун каршылыгы жок кабыл ала берет деп ойлоп алган окшойсуңар», – деди депутат Чыңгыз Ажибаев.
Белгилей кетсек, учурда парламенттин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети Кыргызстандын эл аралык нотариалдык биримдикке кирүүсүнө жана анын нормаларына шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорун кароодо. Мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги демилгелеген.
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, жеке нотариус болом деген жаран алгач бир жыл стажировкадан өтүшү керек, анан жеке ишин баштагандан соң, бир жылдан кийин текшерүүдөн өтөт. Буга чейин 3 ай стажировкадан өтүп келишкен, жаңы нормага ылайык, бул мөөнөт бир жылга көбөйтүлдү. Ошондой эле, квотаны азайтуу дагы сунушталган, башкача айтканда, нотариустардын саны кыскартылат.
Чыңгыз Ажибаев мындай сунушка каршы чыкты. Ал ансыз дагы Кыргызстанда нотариустар аздык кылаарын, ар бир нотариалдык кеңседе, ал мамлекеттикпи же жекеби, айырмасы жок, кезек абдан узун экенин белгиледи.
«Кайсы жерге барба, кезекте жок дегенде 5-6 адам турат. Анан квотаны кыскартайын деп атасыңар. Тескерисинче көбөйтүш керек, айрыкча аймактарда», – деди депутат.
Ошондой эле ал экинчи окуу тууралуу кеп козгогон министрдин орун басарына нааразычылыгын билдирди:
«Концепцияны колдой элегибизде эле экинчи окуу тууралуу айтып жатасыз. Бул эмне дегендик? Же Жогорку Кеңеш алып келген бардык мыйзам долбоорлорун колдоп берет деп көнүп калдыңарбы, балким мыйзам долбоорду артка кайтарып жибереттирбиз», – деди Ажибаев.
