Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары — Суу ресурстары кызматынын жетекчиси болуп Нурлан Жумаев дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини жалпы жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары министри Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун, андан ары Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясын аяктаган.
Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ.
2002-жылдан баштап ар кандай түзүмдөрдө жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), мамлекеттик токой кызматында жана айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана АӨК маселелери боюнча эксперт катары мамлекеттик кызматты баштаган.
2015-2021-жылдары айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.
2021-2024-жылдары айыл чарба министрлигинин токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024 — жылдын март айынан КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
