Саламаттык сактоо министрлиги энергетикалык суусундуктарды жөнгө салууда эл аралык сунуштарга ылайык комплекстүү мамилени колдонот
23 июнь

Саламаттык сактоо министрлиги энергетикалык суусундуктарды жөнгө салууда эл аралык сунуштарга ылайык комплекстүү мамилени колдонот

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги энергетикалык суусундуктарды керектөөнү жөнгө салуу аркылуу жарандардын, айрыкча балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоого болгон ынтызарлыгын дагы бир ирет тастыктайт.

«Көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БУУнун) сунуштары жөн гана тыюу салуу жетишсиз экенин көрсөтүп турат. Эгер кошумча чаралар – агартуу иштери, салыктарды жогорулатуу жана сатууну катуу көзөмөлдөө жүргүзүлбөсө, мындай тыюу салуулар тескери натыйжага алып келет – көмүскө соодага жана санитардык көзөмөлдүн жоголушуна. Ошондуктан биз комплекстүү мамилени колдойбуз: чектөө, түшүндүрүү жана ден соолукка жагымдуу чөйрөнү түзүү. Ошондо гана чаралар чындап натыйжалуу болот», – деп белгиледи саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.

Ушуга байланыштуу Министрлик чектөө чараларын агартуу жана экономикалык саясат менен айкалыштырып, тең салмактуу жана туруктуу мамилени карманат.

Артыкчылыктуу чаралардын катарына энергетикалык суусундуктарга, тамекиге, алкоголго жана канттуу суусундуктарга болгон акциздик салыктын этап-этабы менен жогорулашы кирет. Мындай продукциялардын баасын жогорулатуу жаштар үчүн жеткиликтүүлүгүн азайтууга, керектөө адаттарын өзгөртүүгө жана мамлекеттик бюджетке кошумча киреше тартууга мүмкүндүк берет. Түшкөн каражат массалык спортту өнүктүрүүгө, оорулардын алдын алууга жана сергек жашоо образын колдогон чөйрөнү түзүүгө багытталат.

Мындан тышкары, Министрлик энергетикалык суусундуктарды сатуучу жайларды чектөө демилгесин колдойт. Алар атайын лицензиясы бар соода түйүндөрүндө гана сатылышы керек. Бул өзгөчө мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана жаштар көп чогулган жерлердин жанында жеткиликтүүлүктү азайтууга шарт түзөт.

Ошондой эле ата-энелер, билим берүү мекемелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасында маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик коомчулуктун көңүлүн энергетикалык суусундуктарды ашыкча керектөөнүн зыянына буруп, спорт, чыгармачылык жана жаштардын коомдук демилгелерге активдүү катышуусу сыяктуу пайдалуу альтернативаларды активдүү илгерилетүүдө.

Великобритания, Канада жана Европанын бир катар өлкөлөрү энергетикалык суусундуктарды сатууга жаш курактык чектөөлөрдү киргизүү, акциздик саясат, жарнамаларды чектөө жана кеңири масштабдагы маалыматтык кампанияларды жүргүзүү сыяктуу комплекстүү чараларды ишке ашырышкан. Кыргызстан да бул багытта иш алып барып, эң жакшы эл аралык тажрыйбаларды улуттук шартка ылайыктап киргизип жатат.

Министрлик коомчулук, эксперттер жана ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү менен диалогду улантат.