Баткенде аскерлер ыр жүрүшкө чыгышты
8 май

Баткенде аскерлер ыр жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 8-майда Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн аскерлери Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө ыр жүрүшкө чыкты.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, аскерлер Жеңиш күнүнө арналган патриоттук ырларды ырдап, жөө жүрүш жасашты.

9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эрдиктерин даңазалоо, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

Ыр жүрүшкө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Илбирс" атайын багыттагы бөлүгүнүн аскерлери, УКМКнын Чек ара кызматынын чек арчылары, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары чыгышты.