Бостери айылынын муниципалдык пляжы реконструкцияланат
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Бостери айылынын муниципалдык пляжында реконструкция иштери башталды.
Фонддон кабарлашкандай, кайра куруу иштерине жалпысынан 35 млн 85 миң 528 сом бөлүндү.
Муниципалдык пляждын жалпы аянты 4,5 гектарга жакын.
Бул каражатка жалпы узундугу 5121,29 м2 тротуар, 1525,2 м2 велосипед жолу, 1236,33 м2 чуркоого ылайык жол, 5543,85 м2 аянтка жашылдандыруу иштери жасалмакчы.
Андан сырткары, 2 коомдук дараткана, 3 медициналык пункту менен байкоо мунарасы, 7 чечинүүчү жайлары, 4 даана бут жууганга душ, 54 күндөн калкалоочу чатырлар, 50 даана отургучтар, 50 даана таштанды таштоочу урналар, 75 даана көчө чырактары орнотулмакчы.
Ошондой эле, эски суу линиялары жана электр линиялары жаныртылып, жаны суу линиялары, жаны канализация курулмакчы. Бостери айыл аймагы эс алуучулар жана туристтер көп келип эс алган жерлердин бири болуп саналат.
Андыктан эс алуучулар үчүн бардык тийиштүү, заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү максатында реконструкция иштери жасалууда. Учурда кайра куруу иштеринин баштапкы жумуштары жасалып баштады.
Реконструкция иштерин жайкы туристтик сезондун башталышына бүткөрүү пландалууда.
