Чет элдик номердеги унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү
15 апрель

Чет элдик номердеги унааларды каттоо эрежелери өзгөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унааларды легалдаштыруунун убактылуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди:

• Чек арадан өткөнү тууралуу маалымдама талап кылынбайт

• СБКТС (коопсуздук тууралуу күбөлүк) жоюлду — эми техкароодон өтүп, коопсуздук боюнча корутунду алуу жетиштүү

• Легалдаштыруу үчүн төлөм:

• 2000 см³ чейин — 50 000 сом,

• 2001 см³ жана андан жогору — 100 000 сом

Эске салабыз:

1-апрелден 1-октябрга чейин чет элдик номер менен жүргөн унааларды легалдаштыруу жүрүп жатат. Бул:

• 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга кирген,

• документтери жок, бажыдан өтпөгөн унааларга тиешелүү.

Легалдаштырылган унааларга 10-региондун номери берилет. Бирок:

• Сатууга, өлкөдөн чыгарууга жана такси катары колдонууга тыюу салынат.

Бул иш-чара президент Садыр Жапаровдун Указынын негизинде жүргүзүлүүдө.