Караколдогу 100 жылдык тарыхы бар Пушкин сейил багы реконструкцияланууда
Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Иштин жүрүшүнөн курулуш министри Нурдан Орунтаев кабар алды.
Жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бак Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан реконструкцияланууда. Долбоордун алкагында аймак толугу менен жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө сейил бактагы 12 аттракциондун курулушу аяктап, калган объектилер боюнча бетон жумуштары толугу менен бүткөрүлгөн. Ошондой эле административдик имараттын курулушу аяктап, амфитеатр, кафетерий жана башка көмөкчү объектилерде иштер уланууда.
Мындан сырткары, инженердик тармактарды куруу иштери бүткөрүлүп, велосипед жолу, унаа токтотуучу жай жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда 5 гектар аянтта газон төшөө жана автоматтык сугаруу системасын орнотуу иштери аткарылууда.
Долбоорго ылайык сейил бакка заманбап аттракциондор, фонтан, балдар лабиринти, тамактануу жайлары, ошондой эле спорттук жана эс алуу аянтчалары жайгаштырылат.
Министр Нурдан Орунтаев объекттеги иштердин жүрүшүн карап чыгып, реконструкцияны белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, реконструкция иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.
