Зардалынын жолу кандай салынып жатат? Транспорт министри иштин жүрүшүн текшерди
27 апрель

Зардалынын жолу кандай салынып жатат? Транспорт министри иштин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 26-апрелде Сары-Талаа-Кызыл-Таш- Зардалы жолунун курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин баса белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды.

Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрда Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.