Чүй районунда 77 трансформатор оңдоодон өтөт
15 апрель

Чүй районунда 77 трансформатор оңдоодон өтөт

Чүй электр тармактар ишканасынын Чүй райондук электр тармагы 2025-жылы Чүй районундагы 77 даана трансформаторду жана 59 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлайт. 

Мындан тышкары энергетиктер 506 даана трансформатордук көмөкчордонду, 952 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөө иштерин жүргүзүшөт.

2025-жылга ушундай иштер пландалды. Учурда пландык иштерди аткаруу иштери жүрүп жатат.

Бул иштер Чүй районунун керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүшөт.

2024-жылы Чүй РЭТинин энергетиктери тарабынан 88 даана трансформатордук көмөкчордон жана 38 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өтүп, 563 трансформатордук көмөкчордон техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.

Маалымат үчүн: Чүй райондук электр тармагы 37 019 абонент жашаган Токмок шаарын жана 5 айыл өкмөттү тейлейт. 37 019 абоненттин 34 549 абоненти турмуш-тиричилик, 2 470 өндүрүш абоненттери.