Сүлүктү  РЭТи күз-кыш мезгилине карата 9 айлык планды толук аткарды
17 октябрь

Сүлүктү РЭТи күз-кыш мезгилине карата 9 айлык планды толук аткарды

Энергетика министрлигинин талабына ылайык, күз-кыш мезгилине даярдыкты сапаттуу аткаруу багытында чоң иштер жүргүзүлүүдө.

Алсак Сүлүктү райондук электр тармагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 9 айга белгиленген пландарды толугу менен ишке ашырды.

Сүлүкту райондук электр тармагы тарабынан жалпысы 13 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформаторлор жана 15 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле 67 даана 10/0,4 кВ көмөк чордондорго жана 79 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.

Капиталдык курулуш иштеринин алкагында 4 чакырым аба чубалфгы жаңыланып, 6,2 чакырым СИП-2 типтеги аба чубалгысы тартылды. Аны менен катар 237 даана темир-бетон мамычасы орнотулду.

Мындан тышкары, Самат айылындагы кубаттуулгу 250 КвА көмөк чордон, 400 КвА кубаттулуктагы көмөк чордондго алмаштырылды. Булак-Башы жана Чимген айылдарына 250 КвА кубаттуулуктагы жаңы көмөк чордон орнотулду.

Жүргүзүлгөн иштердин башкы максаты — калкты сапаттуу, туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу. Бул аракеттер, өз кезегинде, күз-кыш мезгилинде жаралышы мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган.