ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Талапкерлердин саны 305ке жетти
КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 305 арыз келип түштү.
Талапкерлер:
Шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу отуз шайлоо округу түзүлүүдө, алардын ар бири беш жылдык мөөнөткө үчтөн депутатты шайлашат. Жогорку Кеңешке жалпысынан 90 депутат мажоритардык система менен шайланат. Ар бир шайлоочу өзү каалаган бир талапкерге добуш бере алат.
Талапкерлерди көрсөтүүгө саясий партиялар да, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да укуктуу.
Талапкерлерди көрсөтүү 2025-жылдын 30-октябрында аяктайт.
Каттоо документтерин тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2-ноябрь саат 18:00.
Талапкерлерди каттоо 2025-жылдын 10-ноябрына чейин уланат.
Шайлоо өнөктүгү 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрь саат 8:00гө чейин созулат.
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды мыйзамды жана шайлоо процедураларын сактоо менен шайлоо процессине активдүү катышууга чакырат.
Эске сала кетсек, президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнүнө дайындалган.
