Элдик курултай: Кара-Кулжадагы көйгөйлөр – турак жайсыз жаштар жана таштандыда ойногон балдар
20 декабрь

Элдик курултай: Кара-Кулжадагы көйгөйлөр – турак жайсыз жаштар жана таштандыда ойногон балдар

Бишкекте бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай өтүүдө. Кара-Кулжа районунан келген делегат Уулбү Абдыбекова райондун маселелерин мындайча тизмектеди:

Биз бир кезде солк этпеген район элек, азыр артта калып баратабыз. Карапайым элди түйшөлдүргөн маселе – жаштарды колдоо, турак жай салууга жер бөлүп берүү, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, үлүш жерлерди кайра бөлүштүрүү. 

  • Кара-Кулжада көп кабаттуу үйлөр бар болгону менен алардын канализациясы жакшы иштебейт. 
  • Жаш балдар ойной турган аянттар, парктар болбогондуктан, таштанды төкчү жерлерде ойноп жүрүшөт. 
  • Канча деген суугат аянт жер жеке менчикке өтүп кеткен, аны кайрадан айыл өкмөттүн карамагына алып, элге туура бөлүштүрүп берүү керек.

Белгилей кетсек, Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө. Анын ишине 700дөй делегат катышууда.