Кыргызстан менен Түркия социалдык саясат чөйрөсүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты
2025-жылдын 6-майында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев менен Түркия Республикасынын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ айымдын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык саясат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча үй-бүлөнү колдоо, аялдардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улуу муундагы жарандарга жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, профилдик мекемелердин линиясы боюнча Түркия менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде министр М.Өздемир Гөкташ Түркия үчүн Кыргыз Республикасынын өнөктөш катары маанисин баса белгилеп, бардык тармактар боюнча кызматташууга, анын ичинде социалдык коргоо тармагында Түркиянын топтогон тажрыйбасын кыргыз тарап үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында социалдык чөйрөдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендик тастыкталып, эки өлкөнүн профилдик министрликтери арасында жумушчу топторду түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
