Азамат Осмонов күтүүсүз жерден Токмок шаарындагы таштанды полигонунун ишмердүүлүгүн текшерди
14 декабрь

Азамат Осмонов күтүүсүз жерден Токмок шаарындагы таштанды полигонунун ишмердүүлүгүн текшерди

Чүй району менен Токмок шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов шаардык таштанды полигонуна барып, анын иши менен жеринен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл полигонго кирип-чыгып жаткан унаалардын эсеп журналы менен таанышып, полигондун жеке компаниянын пайдалануусунда экенин аныктады. Ошол эле учурда экологиялык жана уюштуруучулук талаптардын олуттуу бузулуулары аныкталды.

Текшерүү маалында полигондун кире беришинде жана аймагында видеокөзөмөлдүн жоктугу, таштанды ташуучу унаалардын түнкү убакта каттоосуз кирип-чыгышы аныкталды. Таштандынын көлөмү боюнча иш жүзүндө тараза көзөмөлү жүргүзүлбөйт, таштандынын киришинен тартып көмүүгө чейин бирдиктүү эсепке алуу системасы жок. Таштандыны өзүнчө бөлүп эсепке алуу жүргүзүлбөйт. Ошондой эле полигондун ишмердүүлүгүнө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көзөмөлдүн жок экени белгиленди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай абал расмий төлөмдөрдөн качууга, мыйзамсыз таштанды жайгаштырууга жана мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүп, ошол эле учурда экологиялык терс кесепеттерге алып келерин белгиледи.

Азамат Осмонов аныкталган мыйзам бузуулар топурактын жана жер астындагы суулардын булганышына, полигондун аймагында үзгүлтүксүз өрт чыгууларына жана тургундардын массалык даттануусуна себеп болгон жагымсыз жыттардын таралышына алып келип жатканын белгилеп, бул жашоочулардын саламаттыгына жана аймактын экологиялык коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурарын баса белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл Токмок шаарынын мэриясына полигондо тартип орнотуп, көзөмөлдү камсыздоону, ал эми тиешелүү органдарга жеке компаниянын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүүнү, жер тилкесин пайдалануунун мыйзамдуулугун текшерүүнү жана аныкталган мыйзам бузууларды кыска мөөнөттө жоюуну тапшырды.

Ошондой эле Азамат Осмонов таштанды полигондорундагы бардык иштер экологиялык жана санитардык коопсуздуктун талаптарына так ылайык жүргүзүлүшү, ал эми жеке операторлордун ишмердүүлүгү туруктуу жана ачык көзөмөлдө болушу керектигин белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл Чүй облусунун аймагындагы бардык таштанды полигондорун тартипке келтирүү маселесин жеке көзөмөлүнө аларын айтып, бул багытта тиешелүү чечимдердин комплекси иштелип чыгаарын белгиледи. Бул иштер профильдик мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жаңыдан ачылып жаткан таштанды өрттөөчү ишканалар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.