Бишкек шаарынын Октябрь районунда майда бейбаштык үчүн кармалышты
2025-жылдын 13-декабрында болжол менен саат 02:10 чамасында кызмат өтөө учурунда Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында патрулдук-посттук кызматтын милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузуу фактысын аныкташты. Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан мекемелердин биринде белгисиз жаран аялдар башка конокторго, ошондой эле милиция кызматкерлерине карата агрессивдүү мамиле жасап, уят сөздөр менен сөгүнүшкөн.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде 1994-жылы туулган П.А., 1995-жылы туулган Ш.А. жана 2005-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран аялдар кармалышты. Кармалгандар райондук Ички иштер башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана коомдук жайларда жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын так сактоого чакырат. Коомдук тартипти бузгандыгы жана мыйзамга каршы аракеттер үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.
