Ош шаарынын мэри орук ардагеринен кабар алды
8 май

Ош шаарынын мэри орук ардагеринен кабар алды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, орук ардагери 97 жаштагы Тажикан Мадимаровадан кабар алып, Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

Калаа башчысы кыйын күндөрдү башынан кечирип, бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон ардагерлер майрам күндөрү эле эмес, ар дайым көңүл борборунда экенин айтып, ардагерге ден соолук каалады. Ошондой эле акчалай сыйлык менен белектерин тапшырды.

Тажикан Мадимарова 1928-жылдын 26-январында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда эмгектенип, “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир нече юбилейдик медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген. Ардагердин 10 баласы, 37 небереси, 70 чөбүрөсү жана 2 кыбырасы бар.