Ошто тротуарлар техниканын жардамы менен тазаланууда
Таңкы саат 5:00. Ош-Тазалык ишканасынын тротуар тазалай турган атайын техникалары ишке чыкты. Көчөлөрдөгү жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорду жууп, тазалоо кызматтарын аткарып жатышат.
Техниканын жардамы менен тротуарлар тез убакытта тазаланууда. Бул убакытты үнөмдөө менен шаарды таза кармоого чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Буга чейин Ош шаарына 119 техника тапшырылган. Анын 36сы Ош-Тазалык мекемесине берилип, бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүдө.
