Энергетика министрлиги Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алууда
Бишкекте бүгүн үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басары Насипбек Керимов жана энергокомпаниялардын жетекчилери Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алып, тармакка тийиштүү чечилбей келген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Министрликке көбүнчө кошумча кубаттуулукту жогорулатуу үчүн ЧГЭС салуу, газдаштыруу, эскирген мамычаларды, трансформаторлорды, көмөк чордондоду жана аба чубалгыларын алмаштыруу маселелери менен кайрылып жатышат.
Айрым учурда министрликке тиешеси жок маселе менен кайрылгандар да жок эмес.
Мындан тышкары буга чейинки болуп өткөн курултайдын катышуучулары тарабынан Энергетика министрлигинин аткарган иштерине ыраазычылык билдиргендер дагы болду.
Курултайдын делегаттарын энергетика министри өзү кабыл алып, ар бирине жеткиликтүү жооп берип, айрым маселени жеринде чечип берди.
Эске салсак, үчүнчү Элдик курултай эки күнгө созулат. Энергетика тармагы боюнча көтөрүлгөн ар бир маселеге Министрлик тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлөт.
