Сузакта милиция кызматкерлери Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерин куттукташты
8 май

Сузакта милиция кызматкерлери Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерин куттукташты

Бүгүн, Сузак РИИБдин башчысы Зураб Календаровдун демилгеси менен Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери 101 жаштагы Мамасалы Джумаевди үйүнө барып куттукташты.

Ал эми Сузак районуна караштуу №19 А. Абдукаимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары “милициянын жаш достору” атайын концерттик программа тартуулап бакубат жашоо, бактылуу карылык каалашты.

Ошондой эле Мамасалы Джумаевге жетекчилик тарабынан белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, атайын досторкон жайылып милиция кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен биргеликте чай үстүндө согуш жылдардагы башынан өткөргөн күндөрүн эскерип айтып берди.

Соңунда ардагер Мамасалы Джумаев өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берип узатты.

Учурда Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери 101 жаштагы Мамасалы Джумаев 9 бала, 30 небере, 80 чебере, 3 кыбыранын сүйүктүү чон ата, таятасы бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө.