Жапаров: Кыргыз компаниялары жолду эки жылда куруп берүүнү убада кылышкан, бирок 5 жылда да бүтүрө алышкан эмес
14 август

Жапаров: Кыргыз компаниялары жолду эки жылда куруп берүүнү убада кылышкан, бирок 5 жылда да бүтүрө алышкан эмес

Президент Садыр Жапаров Балыкчы – Барскоон жолунун курулушу эмне себептен создугуп, баштапкы макулдашылган суммадан кыйла кымбатка түшүп кеткенин айтып берди. Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы Балыкчы – Барскоон жолун оңдоо иши ата мекендик компанияларга берилгенин, бирок арадан 5 жыл өтсө жа жол салуу иштери аягына чыга элек.

Президент жол оңдоо иштери башталганга чейин "Чайна Роуд" компаниясы сунуш киргизгенин, эгерде аларга милдеттенме берилсе, эмгиче жолду салып бүтүрмөк.

"2021-жылы мен кызматка келерим менен Балыкчы – Барскоон жолун оңдоо үчүн сынак уюштурулган. Анда “Чайна Роуд” соодалашып отуруп, 800 миң долларга салып берүүнү айтты. Анткени андан ылдый кылса, сапатына жооп бере албай каларын, өздөрү банкрот болуп каларын белгилешти", - деди ал.

Президент аларга берели деп жатканда ата мекендик 13 компания келгендигин айтты.

"Башында Мирлан Исагалиев деген турган. Арасында аксакалдар да бар. Силер 800гө берсеңер алар бизге субподрядчы катары 600гө берет. Километринен 200 миң доллардан чөнтөгүнө салат, пайда көрүп кетет, бизге түздөн-түз бериңиз деп жанымды койбой аркамдан бир жума чуркап туруп алышкандыгынан анан ошолорго бердим.

Эки жылда бүтүрүү керектигин айттым. Макул деп алышты, мына беш жыл болду бүгүн да бүтүрө элек. Акыры былтыр биз банкрот болгон жатабыз, солярка, бензин, битум кымбаттап кетти дешти.

Өкмөт комиссия түзүп, анан баягы 800 миңди 1 млн 300 миңге чейин көтөрүп бердим. Ар бир километрине 500 миң доллардан кошуп бердик. Эгерде, мен ошол кезде эле “Чайна Роудга” бергенимде жолду алар 2022-2023-жылы эле бүтүрүп салышмак", – деди президент.