Чүй облусунда 12-14-март күндөрү республикалык машыгуу өтөт
12 март

Чүй облусунда 12-14-март күндөрү республикалык машыгуу өтөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-14-март күндөрү Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Чүй облусунун аймагында республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Машыгуу сел кырсыгын алдын алуу, кесепеттерин жоюу темасында өтүп, төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын натыйжалуу иштешин жогорулатуу,
  • алдын алуу иш-чараларын өз убагында жүргүзүү,
  • мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын камсыз кылуу,
  • адамдардын өлүмүнө жол бербөө,
  • материалдык зыянды төмөндөтүү.

Ошондой эле алдын ала берилген шашылыш билдирүүлөрдү калкка кабарлоо, катталган кырсыктын масштабына жараша жергиликтүү бийликтин, жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы, иш-аракеттеринин конкреттүү алгоритмин текшерүү менен баалоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкөдө 339 сел кырсыгы катталып, андан 22 адам каза тапса материалдык чыгым 1 млрд 255 млн 27 миң сомду түзгөн.