ЖККУ өлкөлөрү Кыргызстанда баңгизаттарга каршы чараларды координациялоо маселелерин талкуулашты.
3 апрель

ЖККУ өлкөлөрү Кыргызстанда баңгизаттарга каршы чараларды координациялоо маселелерин талкуулашты.

Ушул жылдын 3-апрелинде Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) баңгизаттарга каршы операцияларды уюштуруу боюнча  жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жыйынга Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын баңгизаттарга каршы бөлүмдөрүнүн, бажы жана чек ара кызматтарынын, ошондой эле каржылык чалгындоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов ЖККУнун төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктарына токтолуп, президент Садыр Жапаровдун 28-ноябрда Астанада өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында белгилегендей, Кыргызстанда ЖККУнун алкагында бир катар баңгизаттарга каршы иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи. 

Ушул артыкчылыктарга ылайык КРнын аймагында баңгизаттарга каршы бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча активдүү чараларга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, ЖККУнун алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу каралган.

Ошондой эле алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

Ошондой эле Россия Федерациясынын ИИМдин Баңгизаттар жүгүртүүсүнө көзөмөл кылуу боюнча Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Борис Яковченконун жетекчилиги алдында иштөөчү топтун катышуучулары 2026–2030-жылдарга карата ЖККУга мүчө мамлекеттердин Баңгизаттарга каршы стратегиясынын долбоорун, ЖККУ өлкөлөрүндөгү баңгизат кырдаалынын өзгөрүү тенденцияларын талкуулашты.
 
Мындан тышкары, баңгизат бизнесине байланыштуу каржылык агымдарды аныктоого жана жок кылууга багытталган эл аралык масштабдагы баңгизаттарга каршы операцияларды өткөрүү менен жаштардын арасында баңгизат колдонуунун жана баңгизат кылмыштуулугуна тартуунун алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды.

Катышуучулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин жана тийиштүү эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттери синтетикалык препараттарды кошкондо, баңгизаттардын жайылыш коркунучун азайтууга, ошондой эле ЖККУнун жоопкерчилик аймагында туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылууга олуттуу салым кошоорун бир добуштан билдиришти.