Саламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборунда көчмө жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургүл Аднаева Бишкек шаарындагы Тез жардам борборунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик күн тартибине кирген негизги маселелер талкууланып, Тез жардам борборунун ишинде колдонулуп жаткан санариптик технологиялар менен таанышуу жүргүзүлдү.
Борбордун кызматкерлери учурда иштеп жаткан автоматташтырылган башкаруу тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Ал система төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- чалууларды автоматтык түрдө бөлүштүрүү жана бригадаларды геолокация жана жол кырдаалын эске алынуу менен багыттоо;
- тез жардам унааларынын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө жана нөөмөт кызматтарынын аракеттерин координациялоо;
- бейтаптарды ооруканага жеткирүүнү тездетүү жана кийинки коштоо үчүн медициналык мекемелер менен маалымат алмашуу.
Нургүл Аднаева ыкчам медициналык кызматта санариптик чечимдерди мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Тез жардам борборунун маалыматтык системасын электрондук саламаттык сактоо экосистемасына интеграциялоо маселесин көтөрдү.
Ошондой эле ал тез жардам бригадаларынын жүктөмүн божомолдоо, жооп кайтаруу убактысын талдоо жана маршруттарды оптималдаштыруу үчүн жасалма интеллект технологияларын изилдеп, ишке киргизүүнү тапшырды.
Жыйындын жыйынтыгында Нургүл Аднаева Тез жардам борборунун маалыматтык системасын улуттук электрондук саламаттык сактоо платформасына интеграциялоону улантуу жана анын этаптары менен мөөнөттөрү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
