ИИМдин Эксперттик-криминалисттик кызматы эл аралык кызматташтыктын алкагында жаңы жабдууларды алды
3 апрель

ИИМдин Эксперттик-криминалисттик кызматы эл аралык кызматташтыктын алкагында жаңы жабдууларды алды

2025-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматы заманбап салыштырма криминалистикалык микроскопторду алды. 

Жабдуулар Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана БУУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын Антитеррордук борборунун биргелешкен долбоорунун алкагында акысыз негизде берилди.

«Терроризмдин, курал – жарактын жана кылмыштуулуктун ортосундагы өз ара байланышты изилдөө: ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү, аларды террористтерге мыйзамсыз жеткирүүнү алдын алуу жана токтотуу- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын 2370 (2017) жана Мадрид жетектөөчү принциптерин ишке ашырууну колдоо» долбоору укук коргоо органдарынын трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча потенциалын күчөтүүгө багытталган. 

Жабдууларды салтанаттуу тапшыруу аземине КР ИИМдин Криминалистика кызматынын башчысы Александр Иванов, БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев, БУУнун БКБнын Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин улуттук программалык координатору Наргиза Абдукадирова катышты.

Жаңы жабдуулар КР ИИМдин эксперттерине криминалисттик изилдөөлөрдүн сапатын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде куралды мыйзамсыз сатууга байланышкан кылмыштарды натыйжалуу иликтөөгө өбөлгө түзөт.

Бул багыттагы эл аралык кызматташтык өлкөдөгү коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.