Кыргызстанда 1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы 35% көбөйтүлөт
Кыргызстанда ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35% көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, «Ала-Тоо» борбордук аянтында кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Мекен коргоочуларыбыз заман талабына ылайык зарыл болгон бардык шарттар менен камсыз болушу керектигин баса белгиледи.
«Биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүүдө. Материалдык-техникалык жабдуулар татыктуу деңгээлде камсыздалууда.
Аскерлерибиздин жана укук коргоо органдарыбыздын кызматкерлеринин үй-бүлөсү коомубузда өзүн ишенимдүү жана татыктуу сезиши үчүн алардын айлык маяналары үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап дагы көтөрүлдү, убактылуу турак жайды жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациянын көлөмү да жогорулатылды», – деди.
Президент ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 % (пайызга) көбөйтүлөт, ал эми контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көбөйтүлөрү пландалууда деди.
«Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес, бул – Мекенди коргоо кызматындагылардын күнү-түнү көз ирмебей “Эл четинде – жоо бетинде” тургандагы мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз», – деди ал.
