Төрага: Сот тутуму өнүкмөйүн, жалпы өлкөнү реформалай албайбыз
11 март

Төрага: Сот тутуму өнүкмөйүн, жалпы өлкөнү реформалай албайбыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 11-мартта Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. 

Жолугушууда сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланып, анын ичинен тармакка байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу өлкөнүн өнүгүшүндө жана калктын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттырууда сот тутумунун таасири чоң экенин белгиледи.

«Андыктан ар бир судья мыйзам талабын бекем сактап, адилеттүүлүккө, акыйкаттуулукка жана калыстыкка таянуу менен иш алып барышы керек. Анткени, судьянын чыгарган чечими бир эле адамдын тагдырына эмес, жалпы коомдун түзүлүшүнө таасир этери анык», – деди ал.

Ошондой эле төрага аталган тармакты реформалоо иши жигердүү уланышы керектигин айтты.

«Сот тутуму өзү тазаланмайын, жалпы өлкөнү реформалай албайбыз. Ошондуктан, Жогорку соттун төрагасы катары аталган маселеге өзгөчө көңүл бурушуңуз керек», – деди төрага.

Муну менен катар санариптештирүү жана тармактагы жаңы технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо ишин ыкчамдаттууга чакырган Нурланбек Тургунбек уулу бул аракеттер соттордун ишин алдыга жылдырууга чоң түрткү берерин билдирди.

Андан тышкары жолугушууда укук үстөмдүгүн орнотуу жаатында кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу айтылып, аталган багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди.

Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев тармакты жаңылоо багытында жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кеңири кеп кылып, жакында эле өткөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле судьяларга түзүлүп жаткан шарттар, тутумду санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана киргизилип жаткан заманбап технологиялар боюнча да сөз кылган Медербек Сатыев: “Буйруса жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы сезилерлик деңгээлде болот” – деген пикирин билдирди.