Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 9-11-май күндөрү республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
