Нарын облусундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди
3 апрель

Нарын облусундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу ачылып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда жолчулар тарабынан 33-100-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал үчүн жеринде 1 даана жүктөгүч жана 1 даана бульдозер иштеп жатат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жыл сайын ноябрь айынан апрелге чейин жабык болот.