Ош шаарында Супаналиев көчөсү пайдаланууга берилди
2 декабрь

Ош шаарында Супаналиев көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарындагы С. Супаналиев көчөсү толук асфальттоо иштеринен кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматынан кабарлашты. 

Жолдун ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы жолдун узундугу 750 метрди, кеңдиги 8 метрди түзөт. Көчөнүн бир тарабына ирригациялык лотоктор орнотулган.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө да барып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген. Анын алкагында тоскоолдук жараткан бир нече курулуштарды алып салуу жумуштары жүргөн.

Бул көчө Алымбек датка көчөсүнө параллелдүү жайгашып, негизги жолдогу унаа кыймылын жеңилдетүүгө жардам берери күтүлүүдө.