Бишкектин айрым аймактарында 20-24-октябрда газ жок болот
17 октябрь

Бишкектин айрым аймактарында 20-24-октябрда газ жок болот

Орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 20-24-октябрь күндөрү жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирет. 

Өчүрүү аймагы: Токомбаев көч., Малдыбаев көч., Ахунбаев көч., Ажыбек Баатыр көч., Тыналиев көч., Масалиев көч., Садырбаев көч., Манас Айылы көч., Арча Бешик, Киргизия-1, Ынтымак калктуу конуштары.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.