Ноокат аймактык ооруканасынын кызматтан бошотулган бөлүм башчылары кызмат ордуна калыбына келтирилди
Ноокат аймактык ооруканасынын кызматтан бошотулган бөлүм башчылары кызмат ордуна калыбына келтирилди, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин тапшырмасы менен Ноокат аймактык ооруканасынын 11 бөлүм башчысынын кызматтан алынышына байланыштуу жагдайды иликтөө жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Документтерди изилдөөнүн жыйынтыгында Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун 2025-жылдын 15-мартындагы №20 буйругу менен 2025-жылдын 21-январындагы №22 «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы №166 буйругунун негизинде 11 бөлүм башчы ээлеген кызматынан бошотулгандыгы аныкталган. Бирок мыйзам нормаларын туура эмес колдонуудан улам одоно мыйзам бузууга жол берилген.
Министрлик мыйзам менен белгиленген кызмат ордун ээлөө мөөнөтүнүн чектөөсү (катарынан эки жолу беш жылдык мөөнөттөн ашпоосу) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине гана тиешелүү экенин, бирок бөлүм башчыларына жайылтылбай турганын белгилейт. Демек, алардын ушул негизде иштен алынышы мыйзамсыз. Мындан тышкары, эгерде мыйзамда түздөн-түз каралбаса, мыйзам ченемдери артка кайтарылган күчкө ээ болбойт.
Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы №166 буйругу «Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында чыгарылган, анда мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын жетекчилери жана бөлүм башчылары жеке клиникаларда медициналык ишти айкалыштыра албайт. Бирок, текшерүү көрсөткөндөй, кызматынан бошотулган бөлүм башчылар бул талапты бузбагандыктан, аларды кызматтан алуу мыйзамсыз болгон.
Белгиленген мыйзам бузууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ноокат аймактык ооруканасынын директоруна катуу сөгүш түрүндө дисциплинардык чаралар көрүлдү, ошондой эле буйруктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында кызматынан бошотулган 11 бөлүм башчынын ичинен 5 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызмат ордуна калыбына келтирилди, 6 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызматынан бошотулду.
Саламаттык сактоо министрлиги эмгек мыйзамдарын сактоонун жана медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн белгилейт. Бардык кадрдык чечимдер, мыйзам ченемдерин так сактоо жана аларды туура эмес чечмелөө жана колдонууну болтурбоо менен кабыл алынууга тийиш.
