Улуу Жеңишке 80 жыл. Бишкекте аскердик парад башталды
Бишкекте КР президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Ала-Тоо борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик парады өтүүдө.
Парадга 120дан ашык заманбап аскердик жана атайын техникалар катышууда. Аталган техникалар Куралдуу Күчтөрдүн балансындагы акыркы жылдары алынган жаңы үлгүлөр болуп саналат.
Алардын катарында сооттолгон жол тандабас автомобилдик техникалары, “Тигр” өздүк курамды, аскердик мүлктөрдү ташуу автоунаасы, зениттик-ракеталык комплекстер, ж.б техникалар бар.
