Таңкы рейд. Оштун мэри Көкүм-Бий көчөсүн кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдырууну бүгүн Көкүм-Бий көчөсүндө улантты, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Алгач Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана жол жээгине чейин тосмолоп алган курулмаларды алып салуу иштерин текшерди.
Андан ары мэр Көкүм-Бий көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан жолду оңдоо жана асфальт төшөөгө даярдык иштерин көрүп, тиешелүү кызматтарга жумуштарды тездетүүнү, белгиленген мөөнөттө, сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Жапалак автоунаа базарында болуп, ал жерде жасалып жаткан жумуштардын сапатын текшерди. Базарга келген сатуучулар менен кардарларга ар тараптуу шарт түзүү негизги максат экенин айткан калаа башчысы жумушту тездетип жасоону милдеттендирди.
