Чоң-Алайдагы мечиттердин сырткы көрүнүшү бирдиктүү түскө өтүүдө
Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда жалпы мечиттердин сырткы көрүнүшү бирдиктүү түскө өтүүдө. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алгач Жекенди айыл өкмөтүндөгү мечиттердин сырткы көрүнүшү ак түскө боёлду.
"Хатибияттын жылдык иш-планында район боюнча жалпы мечиттердин сырткы көрүнүшү бирдиктүү түстө болуусу каралган. Аталган демилгени Жекенди айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Бекболот Маданов дамлабыз алгачкылардан болуп аткарып, айыл өкмөттөгү 22 мечиттин сырткы көрүнүшүн ак түскө өткөрдү. Демилгени аткарууда кызмат кылган дин кызматкерлеринен жана жергиликтүү жамааттан Аллахым ыраазы болсун", – деди райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов.
Маматаминов аталган мечиттердин сырткы көрүнүшү көп жылдан бери каралбай калдыгын билдирди.
