
Кыргыз делегациясы Франциск Рим Папасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
2025-жылдын 26-апрелинде Франциск Рим Папаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Баетов жана Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Базарбаев катышты.
Понтифик менен расмий коштошуу аземи католик чиркөөсүнүн эң маанилүү жерлеринин бири болгон Ватикандагы Ыйык Петр аянтында 50дөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана 10 башкаруучу монархтар менен өттү.