Тоң районунда 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылды
Ысык-Көл областынын Тоң районунун прокуратурасы тарабынан муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кажы-Сай айылында жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөр мыйзамсыз жеке тараптарга берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, жалпы 93,4 млн сомдук 139 батир муниципалдык менчигине кайтарылды.
Ал эми, мыйзамсыз чечим чыгарган мурдагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.И. карата тийиштүү соттун өкүмү чыккан.
