Министр Жээнбек Кулубаев Венгрияга иш сапары менен барат
17 октябрь

Министр Жээнбек Кулубаев Венгрияга иш сапары менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 17-октябрда Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун чакыруусу менен Венгрияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Сапардын алкагында кыргыз-венгрия стратегиялык кеңешинин Бешинчи жыйыны өткөрүлөт. Анда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашат.

Жыйындын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.