Мыйзамга каршылык: Депутат дарыгерлердин таламын талашууда
3 апрель

Мыйзамга каршылык: Депутат дарыгерлердин таламын талашууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов ушул жылдын январь айында кабыл алынган мыйзамды кайрадан карап чыгууну сунуштады. 

Белгилей кетсек, аталган мыйзамда мамлекеттик ооруканадардын директорлоруна жана бөлүм башчыларына бир убакта жеке менчик клиникаларда иштөөсүнө тыюу салынган. 

Депутаттын айтымында, мыйзам мамлекеттик ооруканаларда иштеген дарыгерлерди жеке менчикке өтүп кетүүсүнө жол ачып жатат. 

«Мурдагы саламаттыкты сактоо министринин сунушу менен мамлекеттик ооруканалардын директорлоруна жана бөлүм башчыларына жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алганбыз. Менимче, биз бул мыйзамда шашылып кеттик. Мейли, директорлор жеке менчик клиникаларда иштебесин, бирок бөлүм башчыларды жөн эле коелу. Анткени, бул мыйзамдын айынан азыр айылдык жана райондук ооруканалардын дарыгерлери жергиликтүү жеке клиникаларда иштей албай калышып, баары жеке менчик клиникаларга толук  өтүп башташты», – деген депутат мыйзамда кайра карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи. 

Ал белгилегендей, биринчи мамлекеттик ооруканаларда иштеген дарыгерлердин айлык акысын жеке менчик клиникалардыкындай кылып көбөйтүш керек. Андан кийин гана аталган мыйзамды иштетүүгө болот.