Балдардын каттардагы кыялдагы: «Кыргыз почтасы» ААК жазуу сынагынын жыйынтыгын чыгарды
25 декабрь

Балдардын каттардагы кыялдагы: «Кыргыз почтасы» ААК жазуу сынагынын жыйынтыгын чыгарды

Балдардын чыгармачылыгын колдоо жана жазуу маданиятын өнүктүрүү максатында «Кыргыз почтасы» ААК ноябрь айынын башында «Менин кыялымдагы өлкө. Эмне үчүн дал ошол жакка баргым келет?» аттуу республикалык дил баян жазуу сынагын жарыялаган.

Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 3 000ден ашуун мектеп окуучулары катышып, өз каттарын өлкө боюнча почта бөлүмдөрү аркылуу жөнөтүшкөн.

25-декабрда «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы кеңсесинде сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды. Аларга баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.