Бишкекте UrbanTech аттуу жаштар үчүн хакатон башталды
2 декабрь

Бишкекте UrbanTech аттуу жаштар үчүн хакатон башталды

Бишкекте UrbanTech аттуу жаштар үчүн хакатон башталды. Бул тууралуу «Тэкайым» коомдук фондунан кабарлашты.

 Иш-чаранын максат — коопсуз жана заманбап шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган инновациялык чечимдерди табуу.

Хакатон студенттерди, жаш адистерди, программисттерди, дизайнерлерди жана активисттерди бириктирет. Алар беш күндүн ичинде шаардын келечеги үчүн идеялар менен прототиптерди иштеп чыгышат. Финалдык этап — Бишкекте оффлайн питчинг, анда катышуучулар өз долбоорлорун адистерге жана өнөктөштөргө сунушташат.

«UrbanTech — бул жаштар үчүн өз шаарынын өнүгүшүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгү. Биз идеялар реалдуу чечимдерге айланган чөйрө түзүп жатабыз, ал эми студенттер келечектеги шаардык өзгөрүүлөрдүн лидерлерин даярдоочу тажрыйба топтошот», — деп долбоордун уюштуруучулары белгилешти.

Катышуучуларды менторлордун колдоосу, окутуучу мастер-класстар жана өнөктөштөрдөн баалуу сыйлыктар күтөт. Командалар транспорт, шаардык инфраструктура, экология, санариптик коопсуздук жана жашоонун ыңгайлуулугу боюнча чечимдерди иштеп чыгышат.

18–25 жаштагы студенттер жана жаш адистер үчүн катталуу 8-декабрга чейин, саат 17:00гө чейин ачык. Катталуу techaim.asia сайтында.