Бишкек-Ош жолу: «Келечек» тоннели боюнча макулдашууга кол коюлду
Бүгүн, 2-декабрда Бишкек-Ош автожолуна тагыраагы, Төө-Ашуунун аймагына курула турган «Келечек» ири альтернативдүү тоннелдин долбоору боюнча Макулдашууга кол коюлду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров жана ОсОО «Тез Жол» компаниясынын башкы директору Нурлан Кайынбаев катышты.
Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 11,5 км болгон жаңы тоннелдин курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизми аркылуу ишке ашат. Долбоордо 2 төлөм алуу пункту жана 2 кичи ГЭС менен заманбап башкаруу системасы да каралган.
Учурдагы К. Көлбаев атындагы тоннель деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ал эми, жаңы курула турган тоннель 1000 метрге ылдый болот. Ошондой эле, жаңы маршрут серпантиндин санын азайтат, бул аралыкты болжол менен 40 км чейин кыскартат. 640 млн АКШ доллар суммасындагы инвестиция толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланып, курулуш иштери дээрлик 5 жылда аткарылары пландалууда.
