Бишкекте электрондук капчыктар боюнча 23 млн сомдук алдамчылык фактысы аныкталды
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Анда, 2025-жылдын 14-ноябрында электрондук капчык системасындагы техникалык мүчүлүштүктү пайдаланган белгисиз адамдар акча каражаттарын үчүнчү тараптардын электрондук капчыктарына чыгарып кетип, жалпы 23 000 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.
Бул факты боюнча Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө аракеттери жана ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын КИБнын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун соту тарабынан шектүүгө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын карап, аны Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (Бишкек ш. СИЗО-1) киргизүү чечимин чыгарды.
Учурда аталган окуяга тиешеси бар башка жагдайларды жана адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
