Кыргызстанда айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасы ишке ашырылууда
23 июнь

Кыргызстанда айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасы ишке ашырылууда

Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) биргелешип, айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө (трейсабилити) системасын киргизүү боюнча тааныштыруу семинарын өткөрдү.

Иш-чара ФАОнун Техникалык кызматташтык программасынын (TCP) алкагында уюштурулуп, агроазык-түлүк тармагын санариптештирүүгө жана продукциянын сапаты менен коопсуздугун камсыздоого багытталды. Система продукциянын жолун фермерден баштап керектөөчүгө чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, жарандардын ишенимин арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Семинарга министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана ФАОнун адистери катышып, системанын максаттары, ишке ашыруу этаптары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

«Дүйнөлүк рынокто продукциянын келип чыгышына өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргызстанда бул системанын түзүлүшү экспортту өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт», — деп белгиледи ФАОнун аймактык кеңсесинин экономисти Педро Ариас.

ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев: «Көзөмөлдүүлүк — бул фермерден тарелкага чейинки жолдун ишенимин камсыздоочу негизги звено», — деди.

Долбоор мамлекеттик «АгроСмарт» мекемеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Ал техникалык иштеп чыгуу жана системаны улуттук деңгээлде киргизүү иштерин жүргүзөт. Кызматташтык боюнча расмий келишимге ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев жана министрликтин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Асель Кененбаева кол коюшкан.

Көзөмөлдөө системасы пилоттук аймактарда жана айрым продукция түрлөрүндө сыноодон өткөрүлүп, андан соң республика боюнча кеңири колдонууга сунушталат.