БУУнун эксперттери Кыргызстандагы коррупцияга каршы конвенциянын аткарылышын баалашат
16 июль

БУУнун эксперттери Кыргызстандагы коррупцияга каршы конвенциянын аткарылышын баалашат

2025-жылдын 16–18-июлунда Кыргыз Республикасында БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын аткарылышын баалоо Механизминин экинчи айлампасынын алкагында эксперттердин өлкөлүк визити өтүүдө.

Иш-чара Башкы прокуратуранын базасында уюштурулууда. Башкы прокуратура 2005-жылдан бери Конвенциянын негизги аткаруучу органы болуп саналат.

Өлкөлүк миссиянын курамына Япония, Сан-Томе жана Принсипи өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Вена шаарында жайгашкан БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) Секретариатынын кызматкерлери кирди.

Визиттин алкагында Кыргызстанда коррупцияга каршы саясатты жүзөгө ашыруу, мамлекеттик кызматтагы ачык-айкындуулук жана этика, финансылык көзөмөл, активдерди кайтаруу, кирешелерди адалдоого каршы чаралар жана эл аралык кызматташтык боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланууда.

Миссиянын расмий ачылышы 16-июлда өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Б.Т. тарабынан Кыргыз Республикасы Конвенциянын алкагындагы эл аралык милдеттемелерин өз учурунда аткарып келе жатканын белгилеп, улуттук өзүн-өзү баалоо материалдары жана тиешелүү документтер өз убагында тапшырылганы баса белгиленди.

Программалык иш-чаралардын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик кадр кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Эсептөө палатасы, Финансы жана Экономика министрликтери сыяктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтөт. Ошондой эле жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда өзүнчө талкуулар пландалган.

Башкы прокуратура эл аралык өнөктөштөргө көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул жолугушуулар мыйзамдуулукту жана коррупцияга каршы институттарды бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгилейт.