Нарында «Адилет үйү» курулат
Нарында “Адилет үйүнүн” курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Эргешов сот кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөө учурунда маалымдады.
Соттун жаңы имараты сот кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу гана эмес, ошондой эле жарандарга сот кызматтарын жеткиликтүү кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Сот системасынын натыйжалуулугун арттырып, бардык кайрылган адамдар үчүн адилеттүү укук коргоону камсыз кылган шарттар түзүлөт. Аталган имаратка соттон тышкары, юстиция кызматы, прокуратура дагы жайгашмакчы.
