Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды
16 июль

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды

2025-жылдын 4-июль күнү Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын атына аталган бөлүмдүн экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкери билдирүү менен кайрылып, мурда катталган издөө иши бир тууганынын кызыкчылыгына чечип берүү үчүн Ош шаарынын тургуну, 1967-жылы туулган Т.Г. тарабынан пара сунуш кылып жаткандыгын билдирген. Тагыраак айтканда, анын сиңдиси 1986-жылы туулган Ю.Ө. аттуу жарандын экстремизмдин белгилери болгон материалдарды социалдык тармактарга жайылтып жаткандыгына байланыштуу текшерүү иштерин токтотуу үчүн ыкчам кызматкерге акча сунуштаган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Алгачкы тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, 2025-жылдын 9-июль күнү ИИМдин ички иликтөө кызматынын жана Ак-Буура милиция бөлумүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматынын ыкчам өкүлүнө сиңдисине байланыштуу жүрүп жаткан текшерүү иштерин сиңдисинин пайдасына чечип берүү үчүн болүмдүн кызматтык кааналарынын биринде 12 000 (он эки миң) сом акча берип жаткан учурда Ош шаарынын 1967-жылы туулган тургуну Т.Г. кармалган. Пара катары берилген акчалар далил буюм катары алынды.

Ош шаарынын тургуну 1967-жылы туулган Т.Г.шектүү катары кармалып, Ош ШИИБдин УКЖна киргизилген.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын тергөө кызматы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Шектүү Т.Г.нын баш коргоо чарасы 11-июль күнү Ош шаарынын соту тарабынан каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоого чечим чыгарылды.