Депутат ГИКтин ишин сынга алды: «Адамдарды кезектен негизсиз чыгарып жатышат»
28-майда депутат Айсулуу Мамашова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (ГИК) социалдык ипотека берүүдө жай иш алып баруусун катуу сынга алды.
Анын айтымында, ГИКтин кызматкерлери өздөрү жарандарды кезеги келгенине карабай, кайрадан артка жылдырып, кезектен чыгарып жатышат.
«Мисалы, эгер адам Токмокто каттоодо турса, анда ипотека аркылуу үйдү да ошол жерден гана ала алышат деп айтышууда. Адамдар муктаждыгынан улам башка жакка көчүп келишет да. Башка шаарда каттоосу болгон үчүн кайра артка кезекке коюшууда — бул акыйкатсыздык!» — деди ал.
Депутаттын айтымында, 2025-жылдын башынан бери социалдык кезек менен болгону 30 адам гана үй алган.
«Мисалы, “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлердин 10% – 47 батир – социалдык кезек боюнча берилмек. Бирок жыл башынан бери болгону 30 гана батир берилген. Бул адилетсиздик. Чыныгы муктаж болгон адамдар үйгө жетпей жатат», – деп белгиледи Мамашова.
