Нарында сел жүрүп, 50гө жакын үйдү каптады
Нарын шаарында күн мурун, 22-июнда сел жүрдү, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды, көчөлөрдү тоо коктуларынан түшкөн сел суулары каптаган.
Алдын ала маалыматка ылайык, 45 турак үйдүн короо-жайын каптап, 2 турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 30 куткаруучу тартылып, кыян суулары кирген турак жайлардын ичиндеги сууларды мотопомпанын жардамы менен сыртка сордуруп чыгышкан.
Жарандык коргонуу кызматтарынан Нарын суу-канал башкармалыгынан 1 эксковатор, 1 асенезатор, 6 кызматкер, Таза Нарын муниципалдык ишканасынан 1 погрузчик, 7 кызматкер жана Нарын жылуулук муниципалдык ишканасынан 1 эксковатор, 3 кызматкери тартылды.
Жалпы катталган кырдаалды жоюуга 7 техника 1 АСМ, 2 кызматтык автоунаа, 2 эксковатор, 1 асенезатор, 1 погрузчик тартылган.
Башка каржаттардан 3 мотопомпа иштеп жатат. Жалпы сел кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 49 куткаруучу, Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 28 кызматкер иш алып барууда.
